• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги 47-абакта өрт чыкты

10 Бугу 2022 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги 47-абакта чыккан өрттөн кызматкерлер жана абактагылар жабыркаган эмес. Бул тууралуу Govori.TVга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт турак жайдан алысыраак жерде чыккан.

«Абакта чыккан өрттү өзүбүздүн күчүбүз менен өчүрүп жетиштик, бирок ӨКМден да чакырдык, текшерүү үчүн. Абакта олтургандар жана колониянын кызматкерлери жабыркаган эмес. Өрт турак жай комплексинен алыс жерде чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кошумчалангандай, абакта электр жарыгы өчүп калгандыктан, ар кандай кырсыктын алдын алуу үчүн түрмөнүн сыртына милиция кызматкерлери кошумча коюлган.

Белгилей кетсек, буга чейин, тагыраагы 10-майга караган түнү абакта тополоң болгону тууралуу маалыматтар соцтармакка тараган болчу.

Количество просмотров: 104