• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкектеги №6 мектептин директору №95 мектепке башчылыкка келди

18 Аяк оона 2018 14:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
№95 мектеп директору болуп Бишкек шаарынын №6 мектептин директору Айгуль Шимова дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.
“ Бул жаңы мектеп, аны биз ар тараптан колдоп остүрүшүбүз керек. Айгуль Шимова тажырыйбалуу директор, ошондуктан аны дайындоону чечтик”,-деп билдирди Балбак Түлөбаев.
Ал эми №6 мектепке директор болуп Гүлина Мырсакматова дайындалды, ал аталган мектепте директордун окуу иштери боюнча орун басаары болуп эмгектенген.
Балбак Түлөбаев кошумчалагандай №95 мектептин мурдакы директору Анара Акмашаева шаарыбыздын №40 мектебине которулган.
“Мектеп директорлорун ротация кылуу улантылат, биз болгон кучүбүздү шаардын мектептериндеги билим берүүнү жогорулатууга арнайбыз. Ротация башка иш багыттарында да болмокчу”,-деди Түлөбаев.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы № 95 билим берүү гимназиясынын директору Анара Акмашева билим берүү шаардык башкармалыгынын буйругу менен кызматынан бошотулган.
Количество просмотров: 34