• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги 6 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

11 Чын куран 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Республика” партиясы жана “Жалпы иш” коомдук фондунун даттануусунан улам 6 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-апрелде Бишкектеги шайлоо тилкелеринде участкадан сырткары добуш берүү жүргөн.

“Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы “Республика” партиясы жана “Жалпы иш” коомдук фонддун даттануусунан улам 6 шайлоо тилкесинде участкадан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарды”, — деп жазат Маматов.

Белгилесек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Количество просмотров: 284