• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектеги автобуста кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген киши кармалды

3 Бирдин айы 202515:45 Бишкек Govori.TV

3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы борбордо коомдук автобуста жүргүнчү кызга ыдык көрсөткөн адам кармалганын билдирди.

Ал 36 жаштагы К.А. аттуу адам болуп чыкты. Милиция шектүү кармалган учурда мыйзамга баш ийбей, тартип сакчыларын сөгүп, каршылык көрсөтүп, коомдук тартипти бузганын айтты. Буга байланыштуу К.А. “Майда бейбаштык” беренесинин негизинде Ленин ШИИБинин административдик камерасына киргизилген.

Ал эми автобустагы жоругуна текшерүүнүн жыйынтыгында юридикалык баа берилмекчи.

Количество просмотров: 309