Бишкектеги батирлердин биринен улгайган аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар кызматына шаардагы Сыдыков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калганы маалымдалган.
Куткаруучулар балкон аркылуу эшикти ачып кирип, анда 1945-жылы туулган С.В. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Эшикти ачууга 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.