• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги бир канча мектепте эвакуация жүрүп, курчоого алынды

15 Бештин айы 202513:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 11:08де Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына Telegram мессенжерине шаардагы бир нече билим берүү мекемелеринде болжолдуу теракт даярдалып жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Көрсөтүлгөн мектептердин арасында — № 24, 44, 15, 10, ошондой эле Kings International School жеке менчик мектеби бар.

Милициянын маалыматына караганда, аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталды.

Мектептерге раойндук ички иштер башкармалыктарынын ыкчам-тергөө тобу барышып, мектептен мугалимдер жана окуучулар эвакуациялашып, мектептин аймагы курчоого алынды. Учурда кинологдор иштеп жатат.

Количество просмотров: 268