Бишкектеги бир катар мектептерде 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат (тизме)
Бишкектеги бир катар мектептерде 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат (тизме)
22 Бугу 202512:24 Бишкек Govori.TV
Эртең, 23-майда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө.
Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган:
№4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия
№10 жалпы билим берүүчү орто мектеп
№13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназия