• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадион реконструкцияланат

8 Чын куран 2024 16:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрель күнү борбор калаабыздын Д.Өмүрзаков стадионунун аймагында Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен стадионду реконструкциялоо маселеси боюнча жолугушуу өттү.

Жолугушууга КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, Мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Толкачев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Бегалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги директору Нурдан Орунтаев, андан сырткары аталган агенттиктин өкүлдөрү Ислан Момоконов, Канат Канболотов, Д. Бапышев катышты.

Жолугушуунун катышуучулары стадиондун аймагын текшерип, капиталдык реконструкциялоо маселесин талкуулашты. Анда КФБ өкүлдөрү ФИФА жана АФКнын стадиондорго болгон талабы тууралуу маалыматын жеткиришти.

Курулуш боюнча агенттик жакынкы маалда реконструкциянын эскиздик долбоорун сунушташат. Пландалган иштердин алкагында спорттук аренанын трибунасы, жарыктандандыруусу жана оюн талаасынын суугаруу системалары жаңыланып, табло, трибуналардын алдындагы бөлмөлөр, стадионго кирүүдөгү турникеттер оңдолот.

Реконструкция жана оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын июнь айынын биринчи бөлүгүндө старт алып, сентябрь айынын башында аяктайт. КФБ бул иштерде өзүнүн консультативдик көмөгүн көргөзөт.

Количество просмотров: 143