• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкектеги филармониянын жанынан тапанча табылды

5 Теке 2023 15:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, куралды бүгүн «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкери таап алып, болжол менен саат 09:45те кабар берген.

«Филармониянын түштүк аймагындагы газондун чөптөрүн кыркып жатып тапанчага окшош ок атуучу куралын таап алгандыгын айткан. Окуя болгон жерге ведомстволук милиция полкунун кармоо тобу барып, табылган кара түстөгү темир тапанчасын алып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 162