Бишкекте автоунааны айдап бара жатып терезеден ок атуучу куралды чыгарып коркуткан делип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 11-май күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына белгисиз 3 адам автоунааны айдап бара жатып терезеден ок атуучу куралды чыгарып коркутуп жатышат деген маалымат түшкөн.
Аталган факт Свердлов РИИБдин МЭЖге катталган. Коомдук тартипти бузган фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге 1998-жылы туулган М.А., 2000-жылы туулган Ж.А., жана 1998-жылы туулган Э.Э., атту жарандар жеткирилип, «Майда бейбаштык» беренесинде каралган бузуулар үчүн Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.