• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Бермет Тагаеванын сөөгү табылды

7 Кулжа 202523:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июнда ИИМ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Бермет Тагаеванын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 3-июнда, саат 23:00 чамасында 2007-жылы туулган кыз Мичурин көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.


Учурда маркумдун денеси экспертизадан өткөрүлдү. Андан көзгө көрүнгөн дене жаракаттары табылган эмес.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 727