• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Бишкектеги ири өрт чыккан жерге мэр барды

21 Бештин айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампада өрт чыгып, ал жерге Бишкек мэри Айбек Жунушалиев барды.

Анын айтымында мааалыматтар так каралып,ю өрттүн келип чыгуу себептери тыкыр иликтенүүгө тийиш.

«Мен да өрт чыгып жатканын көрүп, эмне болуп жатат, жеринен билейин деп келдим. Тергөө жүргүзүү керек. Эмне себептен бул жерге май сактоого уруксат берилгенин такташ керек. Буга чейин бул жер көзөмөлдө экен, тактоо керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, саат 07:46да өрттү өчүрүүгө Биринчи май райондук №4 өрт өчүрүү бөлүмү киришкен. Андан кийин башка бөлүмдөр тартылган.

Учурда тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алды.

Количество просмотров: 482