• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкектеги ишембиликке 28 миң адам катышты

15 Чын куран 2024 10:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембилик өткөрүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, 13-апрелде ишембиликке жалпысынан 28 миң адам катышты.

Ишембиликке министрликтер менен ведомстволордун, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, чарбалык субъекттердин кызматкерлери чыгып, белгиленген аймактарды иретке келтиришти.

Ошондой эле төрт райондук администрациянын, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекеме-уюмдардын кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактар иретке келтирилди.

Мындан тышкары, жарандар жана уюмдар тарабынан 1243 түп көчөт отургузулду.

Шаар боюнча муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын 80 атайын техникасы тартылды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.

Количество просмотров: 47