Бишкектеги ишкандагы жарылуудан 20 жаштагы бала каза болуп, экинчиси жаракат алды
Бишкектеги ишкандагы жарылуудан 20 жаштагы бала каза болуп, экинчиси жаракат алды
12 Чын куран 2018 15:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.04.2018. Govori.TV
Бишкектеги «Профикс-Юг» жеке ишканасында жарылууну Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат.Бул туурасында БШИИБнын басма сөз борборунан Адыл Оморов Govori.TV сайтына билдирди.
«Азыркы учурда экспертизалар жүргүзүлүп, жарылуу эмнеден улам келип чыкканы иликтенүүдө» -дейт Оморов.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде «Профикс-Юг» жеке ишканасында жарылуудан 20 жаштагы жигит каза болуп, 28 жаштагы дагы бир киши жаракат алып Бишкек шаардык №1 ооруканага жаткырылган.