• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борборлорду оптималдаштырууда жылына 10дон 12 миллион сом үнөмдөлөт

22 Тогуздун айы 2018 14:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.
Саламаттыкты сактоо уюмдарын башкарууну оптималдаштыруунун жыйынтыгында жылына 10дон 12 миллион сомго чейин каражат үнөмдөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, бул үнөмдөлгөн каражаттар үй-бүлөлүк медициналык борборлорго керектүү шаймандарды алууга жумшалат.
“Бишкектеги 19 үй-бүлөлүк медициналык борборлордун эч биринде артериалдык кан басымдын суткалык мониторингинин аппараты жок. Республикалык кардиологиялык борборго былтыр 5 миң бейтап кайрылган. Ал жакта бул аппараттын кызмат көрсөтүүсү 500 сом турат. Бирок ал жерде кезек күткөндөр көп. Жеке менчик кардиологиялык борборлордо ал 1000-2000 сом турат. Эгерде биз бул аппаратты үй-бүлөлүк медициналык борборлорго алып койсок, калкка ыңгайлуу болуп, кардиологиялык борбордогу узун кезектерди кыскартат”, — деди Чолпонбаев.
Количество просмотров: 29