• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бишкектеги Көк-Сай базарында өрт чыкты

26 Тогуздун айы 202519:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча Свердлов районунун Орозбеков көчөсүндө Көк-Сай базарында жыйылган тактайлардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 17:22де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1, Штаб жөнөтүлдү.

Кошумча саат 17:44тө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылган. ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана Штаб өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жеринде өрт өчүрүү иши башталды, кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 190