• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкектеги кафеде орой мамилеге туш болгон туристтер менен министрдин орун басары жолукту

19 Баш оона 2022 19:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындага «Веранда» кафесинин кызматкерлери тарабынан Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарынан келген туристтерге орой мамиле жасалгандыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, министрлигине караштуу Туризм департаменти тынчсыздануу менен кабыл алып, тийиштүү иш-чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады.

Маалыматка ылайык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Туризм департаментинин директору С.Б. Шатманов эки тарап менен жолугушкан.

Ал өз сөзүндө туристтерге колдоо көрсөтүлө тургандыгын белгилеп, кызмат көрсөтүүчүлөрдү туристтерге аяр мамиле жасоого чакырды.

Эске салсак, бүгүн Бишкектин Панфилов паркындагы кафелердин биринде чет элдик жарандарга карата кызматкерлер орой мамиле жасап, эсепке ашыкча акча кошуп коюшканы тууралуу маалымат соцтармакка жарыяланган.

Количество просмотров: 9383