• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкектеги кафеде туристтерге орой мамиле жасалып, жеген тамагына ашыкча акча төлөтүшкөнү айтылды

19 Баш оона 2022 9:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Панфилов паркындагы кафелердин биринде чет элдик жарандарга карата кызматкерлер орой мамиле жасашкан. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Жоодар Сайдилкан (Jodar Saidilkhan) өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, туристтерге болгон жаман мамиле өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизет.

«Коноктордун айтуусунда Панфилов паркындагы Веранда кафесине бул үй бүлөөнүн 7 баласы суусундук ичкени кириптир, 7 жаштагы баланын көңүлү айланып, кафенин туалеттинде кусуп жибериптир, кафенин кызматкерлери уюшуп алып турист балдардын улууларына туалетти өздөрүнө тазалатканы аз келгенсип, 11 жаштагы турист кыздардан бирөөнү жаакка, кайаш айтасың деп чаап жибериптир, балдардын атасы отельден учуп келсе, кафе кызматкерлери милиция чакырып счетту төлөбөй жатат деп бүт үй-бүлөнү РОВДга жүктөп кетиптир. Милиция кызматкерлери үй бүлөөнүн атасы төмөнкү счетту кафенин менеджерине төлөгөндөн кийин кафе кызматкерлерин коё берип, мен келгиче туристерди кармап олтуруптур.
Туристтердин ошончо кордук көргөнү аз келгенсип, эсептен да алданганын алар төлөгөн счетту үйгө келип карап олтуруп байкадым. Кафе жетекчилиги 1610 сом оордуна ручка менен тууралап 3610 сом алышыптыр», — деп жазат ал.

Ал эми Биринчи май РИИБден бул тууралуу маалыматты тактап бериле тургандыгы кабарланды.

Количество просмотров: 9926