• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкектеги кайсы конуштарда коронавирус табылды?

4 Бугу 2020 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында коронавирус тастыкталган 231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу даректер боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

COVID-19 жуктурган жарандардын көпчүлүгү Ленин районунда — 82 адам, Октябрь районунда – 46 адам, Биринчи май районунда — 41, Свердлов районунда 21 адам жашайт.

Коронавирус аныкталган 69 жаран Бишкектеги 16 конушта жашайт.

Ленин району:

  • Арча-Бешик – 21,
  • Ак-Өргө – 3,
  • Ынтымак – 3,
  • Ак-Ордо – 2.

Октябрь району:

  • Көк-Жар – 5,
  • Кара-Жыгач – 1,
  • Алтын Ордо – 1.

Биринчи Май району:

  • Ак-Босого – 13,
  • Көлмө – 11,
  • Тынчтык – 1,
  • Касым – 1,
  • Мурас-Ордо – 1.

Свердлов району:

  • Учкун – 2,
  • Керамический – 2,
  • Красный строитель – 1,
  • Эне-Сай – 1.
Количество просмотров: 6956