• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкектеги кампалардын биринен ири өрт чыкты

15 Бештин айы 202017:12 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы кампалардын биринен ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт Садыгалиев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан «ААК Кыргызайылкөмөк» компаниясына таандык кампадан саат 16:06да чыккан. Өрт чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 102