• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаар соолуп баратат… Мэр аткаминерге сөгүш жарыялады

12 Кулжа 202519:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте күн сайын саат 19:00дөн түн ортосуна чейин жашыл бактарды сугаруу иштери жүргүзүлөт. Бул үчүн үч муниципалдык ишкана — «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык» жана «Бишкексууканал»ишканаларынан 47 атайын техника тартылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Айбек Жунушалиев сугарууну күчөтүүнү тапшырды, айрыкча нымдуулук жетишсиз болгон сейил бактарда. Жана сугарууну уюштуруудагы кемчиликтери үчүн «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын директоруна сөгүш жарыялады. Ошондой эле мастерлердин ишине талдоо жүргүзүү, бардык кемчиликтерди жоюу жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Шаар башчысы тез арада сугат системаны калыбына келтирүүнү активдештирүүнү тапшырды. Ар бир районго ирригациялык системаларды, тротуарларды жана ички жолдорду калыбына келтирүүгө 150 млн сомдон бөлүндү.

Количество просмотров: 279