• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте ок атылды. Анда Ассоль Молдокматованын баласынын тиешеси бар экени айтылды

22 Баш оона 202017:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде атышуу болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

Маалыматка караганда, 21-август күнү кечинде түнкү клубдардын биринде жаштар ортосунда чыр-чатак орун алган. Уруш  көчөдө уланып, мушташкандардын бири каршылаштарына бир нече жолу ок чыгарган. 

Натыйжада жаңжалдын катышуучуларынын бири октон жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Такталбаган маалыматтарга караганда, ок атууга Александр Воинов жана Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воиновдун тиешеси бар экени айтылууда. Түнкү клубдагы окуя боюнча милиция эч кандай комментарий бере элек.

Количество просмотров: 408