• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

10 Чын куран 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-апрелде Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына ВИЧ менен ооруган балдардын ата-энелери нааразычылык акцияга чыгышты.

Министрлер кабинетинин алдына чогулгандар президенттин өзүнүн чыгуусун талап кылышууда. Алар бийлик өкүлдөрүнө жардам сурап, ВИЧке чалдыккан балдарга көңүл буруу талабын айтышты.

Белгилей кетсек, чогулгандар көйгөйлөрүн кенен айтып берүүдөн жана өздөрүн видео менен сүрөткө тартууга макул болгон жок.

Көп өтпөй чогулгандарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, көйгөйлөрүн угууда.

Количество просмотров: 116