• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Парламент жыйыны мурунку Өкмөт үйүндө өтүүдө

14 Бугу 202511:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйындары мурунку Өкмөт үйүнүн имаратында өтүүдө.

Жогорку Кеңеш 2010-жылга чейин мурунку Өкмөт үйүндө жайгашып, парламенттин жыйындары уюштурулуп келген.

Жогорку Кеңештин маалыматы боюнча, азыркы парламенттин жыйындар залында оңдоп-түзөө иштери башталды. Эми зал заманбап техникалар менен жабдылат. Жаңылоо иштери 1-сентябрга чейин аяктайт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилегендей, VII чакырылыштын депутаттарына да тарыхый имаратта жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгү буйруду. Эми май-июнь айларындагы парламенттин жалпы жыйындары Өкмөт үйүндө убактылуу өткөрүлүп турат.

Количество просмотров: 270