• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкектеги колледждерге 19 миңге жакын абитуриент тапшырды

28 Теке 2020 10:22 Бишкек Govori.TV

ЖОЖдорго кабыл алуу башталгандан бери 18 миң 986 абитуриент колледждерге документтерди онлайн түрдө тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылат.

«Колледжге тапшыруу үчүн 13-июлдан 30-июль, саат 18:00гө чейин — документтерди онлайн каттоо керек. 3-августта колледждер система тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 3-6-августта — абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек. Тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбайт. Ал эми 2-тур 1-августтан 20-августка чейин каттоо болуп, 22-августта — колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илиниши керек», — деп берилет маалыматта.

Количество просмотров: 98