• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкектеги кырсык: Он сегиз адам жабыркаган, экөөнүн абалы оор

26 Үчтүн айы 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн саат 12:30дар чамасында Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышты — бир жеңил автоунаа, №130 жана №193 эки маршрутка. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кырсыкта жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, жеринде Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын 6 бригадасы иш алып барган.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тез жардамы кызматы менен 17 жабырлануучу, ал эми Улуттук госпиталга 1 жабырлануучу жеткирилген.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө 2 адам жаткырылды, абалдары оор деп бааланууда.

Аталган борбордун хирургия жана нейротравматология бөлүмүнө ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен 4 жаран жаткырылды.

Ал эми 1 жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык.

11 бейтап биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 579