Бишкек шаарындагы борбордук мечиттен ири суммадагы акча уурдалганын бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Свердлов РИИБге 20-январда кайрылган О.М. (эркек киши) ушул күнү Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан мечиттен акчасын уурдатканын билдирген. Анын айтымында, жанында 5,7 миң доллар, 300 миң рубль жана 55 миң сом бар болчу.
Уурулук беренеси менен ыкчам иштер жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан 51 жаштагы Б.А. шектелип кармалды. Андан уурдалган баштык (борсетка) менен акча табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.