Социалдык тармактарда Бишкектеги мейманканалардын биринде болгон мушташтын видеосу тарады.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Милицияга үч киши арыз менен кайрылып, 30-июнга караган түнү отелдердин биринен себепсиз эле ур-токмокко алынгандарын айтышкан.
Милиция факты боюнча “Бейбаштык” жана “Тоноо” беренелери менен иш козгоп, 31 жаштагы А.Р. аттуу жаранды
кармаган.
Кошумчалагандай, окуяга катыштыгы бар башка адамдар аныкталууда.
Белгилей кетсек, буга чейин блогер Алина Жакыпова видео жарыялап, себепсиз ур-токмокко кабылганын жазган. Ал мушташка бийчи Жан Воиновдун жубайы Залина Алмасованы айыптаган.