• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкектеги мектептер 12-13-октябрда онлайн режимге өтөт

8 Тогуздун айы 2023 16:19 Бишкек Govori.TV

12-13-октябрда Бишкектеги мектептер менен бала бакчалары жабык болот. Бул тууралуу мэриянын билим берүү Департаментине билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептер онлайн режимде ишин уланта берет, ал эми бала бакчалар ишин убактылуу токтотуп турат.

Айта кетсек, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал эми 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити өтөт.

Количество просмотров: 2964