Вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек шаарында мугалимдердин маянасы канчага көбөйгөнү тууралуу айтып берди.
Мозгачеванын айтымында, маяна көтөрүлгөндөн кийин мугалим болуп иштөөгө кызыккандар көбөйдү.
«Эгер мурда мугалимдердин орточо айлык акысы 15 миң сом болсо, жогорулагандан кийин 27 миң сомго жетти. Ошол эле учурда көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы, билим берүүдөгү жетишкендиктери, жогорку категориясы барларды эске алуу керек. Алар 45 миң сомго чейин алууда», — деди вице-мэр.