• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги мушташ: 2 жигит ооруканага түштү

16 Бештин айы 2021 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Чүй жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде балдар арасында мушташ чыгып, 2 жаран ооруканага түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-декабрга караган түнү милицияга Чүй жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде балдар арасында мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

«18 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Ал башынан жана колунан жаракат алган. Андан соң дагы 19 жаштагы бала ооруканага түшкөн. Эки жаран тең ооруканага түшкөндө мас абалда болушкан»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1776