Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта 9-класстын окуучусу асынып алган. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май РИИБден тастыкташты.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 24-майга караган түнү болгон.
«Аталган факт Биринчи Май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери башталган. Азыркы учурда ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп жазылат маалыматта.
Бул каргашалуу окуядан соң аталган жатак-мектептин окуучуларынын ата-энелери өз тынчсызданууларын билдиришүүдө.
Алардын айтымында аталган билим берүү мекемесинде балдар менен иштөөчү соцпедагог жана психолог жок. Ата-энелер буга чейин бул психолог үчүн штат ачып берүү сураныч менен министрликке кайрылышкан, бирок, майнап чыккан эмес.
«Болгон кайгылуу окуядан кийин балдарыбыздын коопсуздугу үчүн кабатыр болуп жатабыз. Себеби, асынып алган баланын досторунун айтымында баланын үй-бүлөлүк көйгөйлөрү болгон. Баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Үйүнө баргысы келчү эмес. Мындай учурларда бала колдоого муктаж, биз буга чейин министрликке кайрылып соцпедагог менен психологго штат ачып, кызматкер алууну суранганбыз. Бирок, майнап чыккан жок», — дешет алар.
Алар кошумчалагандай, бала асынып алган учурда жатаканадан чоң адам таппай убара болушкан.
«Бир бөлмөдө 4 бала жатат. Түнкү саат 12лерде бала туруп «кийинки жашоодо көрүшөбүз» деп айтып даратканага кетет. Балдар анын сөзүн тамаша катары кабал алып, көп деле маани беришкен эмес. Бир канча убакыт өтөт бирок, бала кайтып келбейт. Аны карап келейин деп чоогу жашаган бала даратканага барса, эшикти бекитип алыптыр, такылдатат ачпайт. Башка балдар келип эшикти ача албай коюшат. Көрсө бала өзүнүн кийип жүргөн спорт кийими (ветровкасы) менен асынып алыптыр. Ачкыч жок, эшикти ача алышпайт. Негизи ал жерде 2 тарбиячы болушу керек болчу, бирөөсү жок, а бирөөсү жатаарда текшерген соң уктап калыптыр. Бир да чоң киши таппай коюшуптур. Балдар өздөрү терезе алкылуу кирип эшикти ачып асынган баланы чечип, бөлмөгө алып келип биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан. Алар катуу коркуп калышкан. Ушу эки штатты ачып берүү үчүн ушундай кайгылуу окуя катталыш керек беле? Бул деген шалаакылык да», — дешет алар.
Ата-энелерди нааразы кылган дагы бир жагдай, аталган мектепте директор 6 айдан бери дайындала элек, жыл башында жетекчинин милдетин аткаруучу болуп орун басар дайындалган.
Окуя боюнча аталган билим берүү мекемесинин жетекчилиги жана министрлик тарабынан азырынча маалымат алуу мүмкүн боло элек.