Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын саны канча?
14 Баш оона 2021 13:57 Бишкек Govori.TV
Республикалык ыкчам штаб бүгүн, 14-августта саат 12:00гө карата Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын саны тууралуу маалымат берди.
Бош орундардын саны:
Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында 89 орун; Республикалык наркология борборунда 85 орун; Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын дарылаган корпусунда 65 орун; №2 клиникалык төрөт үйүндө 57 орун; Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 57 орун; Улуттук госпиталдын урология корпусунда 50 орун; Чүй облустук бириктирилген ооруканада 41 орун; Аскер госпиталында 40 орун; КММАнын фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 38 орун; Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 33 орун; Улуттук онкология жана гематология борборунда 30 орун; Улуттук кардиология жана терапия борборунда 20 орун; Улуттук хирургия борборунда 6 орун бар.
Подписаться:
Количество просмотров: 369