• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкектеги райондорду кыргызча атоо демилгесине орусиялык депутат нааразы болуп чыкты

26 Жетинин айы 2022 16:38 Бишкек Govori.TV


Орусия Мамдумасынын депутаты Светлана Журова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкекте өткөн элдик курултайда сүйлөгөн сөзүнө, көтөргөн демилгелери боюнча пикирин билдирген.

Ал Кыргызстан Украинанын жолуна түшкөнү калды деп айыптаган. Бул тууралуу ал «Москва сүйлөйт» радиосуна берген маегинде айткан.

«Бул жөн маселе эмес. Бул — орус тилин сүрүп чыгууга болгон алгачкы майда кадам. Мен мындан эч күмөн санабайм. Биз тарап андай кылбоону эскертиши мүмкүн, себеби бул нерсе Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын укугун бузат. Антпесе, маселе акырын мектептерге да өтүп, Грузия сыяктуу орус тили окутулбай калат. Ошентип байланыш үзүлөт. Биз билебиз, Украина да ушинтип баштаган. Улуттук тилди коргоонун арты убакыттын өтүшү менен орус тилдүүлөрдүн калбай калышына жеткирет», — деген ал.

Эске салсак, Нурланбек Шакиев курултайдагы сөзүндө Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди билиши зарылдыгын, ошол эле учурда бир катар аймактар ушул кезге дейре чет тилде аталып жүргөнүн, андыктан аларды кыргыз тилине которууну алгач Бишкек шаарынын төрт районунан баштоо керек экенин белгилеген.

Теги:
Количество просмотров: 83