• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырды

24 Теке 202616:04 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк жарандарды социалдык тармактарда жана мессенжерлерде тараган жасалма «жеңилдетилген насыя» сунуштарынан сак болууга чакырды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү колдонууда.

«Улуттук банк насыя бербейт, жарандардан акча которууну талап кылбайт жана жеке адамдарга кызмат көрсөтпөйт. Ошондой эле кызматкерлердин күбөлүктөрүн же расмий документтерин жөнөтпөй турганын эскертет»,-деп айтылат маалыматта.

Жарандарга маалыматты расмий булактардан текшерип, бейтааныш адамдарга акча которбоо сунушталат. Алдамчылыкка туш болгон учурда банк картасын дароо бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

Количество просмотров: 14