Бишкекте техникалык тейлөө борборунан чыккан өрттө 4 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ыдайык, Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы №3 жана №2 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа толугу менен күйүп кетти.
Жабыркагандар жок.