Бишкектеги “ЦУМ-2” соода борборунда кыз 4-кабаттан секирип кетип каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.
Милициянын маалыматына ылайык, 24-август күнү түшкө маал милицияга бир кыз эскалатордон кулап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Свердлов РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барган. Алар маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2004-жылы туулган М.С. экени аныкталганын.
Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын алкагында экспертизалар дайындалды.