• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги стационарда иштеген студент кыз каза болду

14 Теке 2020 13:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болду. Бул тууралуу чогуу иштеген кесиптештери социалдык тармактарга жазды.

Каза болгон кыз Медициналык академиянын 5-курсун аяктаган. Стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” бир команданын курамында чогуу иштегенине 11 күн болгон.

“Менин кесиптешимден коронавирус табылган эмес, ал дени сак болчу. 11 күн чогуу иштедик, өзүн жаман сезгенин көргөн эмесмин. “Жогору жактагылар” бул өлүмдүн себебин жашырууга аракет кылышат, вирус жуктуруп алган деп айтышы мүмкүн. Бирок ага ишенбөөгө чакырам. Дарыгерлер акыркы күчүнө чейин иштеп, жумуш учурунда өлүп калып жатышканын эл билиши керек. Биз бардык санитардык эрежелерди сактап иштеп жатабыз. Бул жерде медициналык кызматкерлер эс алуусуз, болгон аракетин жумшап иштеп жатышат”, -деп айтылат видео кайрылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 477