Бишкекте күндүзгү стационарларга бүгүнкү күнгө карата жалпы 41 миң 308 адам кайрылып, тилекке каршы 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифинг учурунда билдирди.
«Күндүзгү стационарларга 41 миң 308 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылып, 29 миң 705 бейтап тамчылатма дары алды. Андан тышкары 11 миң 366 адам медициналык кеңеш алып, 227 адам ооруканаларга жаткырылды. Тилекке каршы 10 бейтап каза болду», — деди Азиз Алымкулов.
Ошондой эле вице-мэр борбор калаада 220 орундуу эки түнкү стационар ачылганын кошумчалады.