Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жайгашкан дүкөндү бет кап кийип, курал көтөргөн адамдар тоноп кетишти. Окуя 28-апрелге караган түнү «Супер арзан» дүкөнүндө болгонун ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Шектүүлөр кассирди жана күзөтчүнү белгисиз курал менен коркутуп, 35 миң сом алып кетишкен. Бул факты Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо үчүн ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Дүкөндү тоноп жаткан адамдар видеокамерага түшүп калган.