Бишкек шаарында массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылган. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Сухэ-Батор көчөсү, 15/1 дарегинде жайгашкан «Улуу Тоо» ресторанында 15 -апрелдеги коноктордон 27, 18-апрелдеги меймандардан 12 адам ооруканага кайрылган.
Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында плансыз текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынган. 31 кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат.
Ресторанга 13 миң сом айып салынып, иши токтотулганы кошумчаланды.