• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкектеги «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушу уланууда

17 Кулжа 202515:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча, комплексте 7 блоктон турган 14 подъездүү 18 этаждуу үйлөр курулууда. Батирлердин жалпы саны 918ди түзөт.

Учурда жеринде үйлөр 10-кабатка чейин көтөрүлүп, куруу иштери ыкчам жүрүүдө.

Аталган турак жай комплексинин биринчи этабы 2025-жылдын 4-кварталына жыйынтыкталары пландалууда.

Количество просмотров: 131