Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу, учурда аймактагы абал ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин жетекчилигинин толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта шаардык милициянын өздүк курамы ички аскерлер жана башка түзүмдөр менен бирдикте күчөтүлгөн шартта коомдук тартипти камсыз кылары белгиленет. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилгени да айтылат.
Ага чейин Бишкектин милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырган. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
17-майда интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.
Белгилей кетсек, 17-майдан 18-майга караган түнү 100дон ашык адам Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктер жашаган батирлердин жанына топтолгон. Алар Кыргызстан жаранын сабап салды деген пакистандык мигранттардан өч алуу максатын билдирген.
Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди.
Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири «Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз», — деп орусча айтканы угулат.
Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.
Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоокерчиликке тартыларын эскертти.