Бүгүн, 1-майдан тарта айрым тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилип, таксилер да каттай баштады. Буга байланыштуу эртең менен Бишкектин айрым көчөлөрүндө узак кезекте турган унаалардын видеосу социалдык түйүндөрдө тараган эле.
Бул арада борбор калаадагы Ош базарындагы азык-түлүк саткан бөлүмүндө элдин саны көп экени тууралуу билдирүүлөр да тарады.
Кошумчалай кетсек, Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.