• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды убактылуу кабыл албайт 

30 Бугу 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу бейтаптарды кабыл албайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы коронавирус менен келгендерди гана кабыл алат.

Үсөнбаев аталган ооруканада медицина кызматкерлери ооруканадан чыкпастан күнү-түнү иштешип, алардын арасында оору жуктурган учурлар болгонун белгиледи.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ушундай опурталдуу кырдаал болуп жатат. Мындан улам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында учурда дарыланып жаткан бейтаптардын баарын айыктырып чыгарып, ал жакта дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, биздин медицина кызматкерлерине обсервацияда болуусуна убакыт берүү чечими кабыл алынган. Бул иштерден кийин аталган оорукананын ишин кайра жандандыруу каралган. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу даярдалган. Башка бейтапканаларда орундар даярдалды. Бүгүнкү күнү №6 оорукана кабыл алып жатат», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 90