• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги жылытуу пункттарына канча адам кайрылган? Мэриянын жообу

17 Үчтүн айы 202317:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги жылытуу пункттары аба ырайынын жылышынан улам жабылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган пункттар ачылган күндөн тартып жалпы 6 миң 294 жаран кайрылган. Райондор боюнча алганда:

Свердлов районунун жылуулук түйүндөрүнө 2 783 адам;
Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1 104 адам;
Ленин районунун жылуулук пункттарына 1 706 адам;
Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

Эске салсак, борбордо 12 чатыр тигилген. Анда ӨКМдин кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Количество просмотров: 106