• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектен 10 жаштагы кызды уурдаган испаниялык чекарадан кармалды

2 Бугу 2018 16:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.05. 2018. Govori. TV

Испаниялык жаран Бишкектен 10 жашар өзүнүн кызын уурдай качып, Казакстандын чек арасынан кармалды. Бул тууралуу КРнын Чекара кызматы маалымат таратты.

Анда белгилүү болгондой, 2018-жылдын  1-майында “Акжол-Автодорожный” өткөрмө-пунктунан чекрачылар 10 жашар кызын мыйзамсыз Кыргызстандан алып кетүүгө аракет жасаган Испаниянын жаранын кармашкан.

«Испаниялык 1968-жылы туулган S. C. F. аттуу жаран өткөрмө пунктунда кызматкерлердин суроолоруна жаны кейип, кызы да өзү да орусча билбестигин айтып, суроолордон кача баштаган. Бирок, кызматчылардын суроолоруна кызы орусча жооп кайтарып, сүйлөй алаарын айткан. Териштирүү учурунда бул кыздын жоголгондугу тууралуу энеси он күн мурун арыз жазганы аныкталып, мыйзамсыз аракетке өткөн атасы кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

сүрөттөр kaktus.media агенттигиники

 

Көрсө, Испаниянын жараны бул жактагы мурда ажырашкан жубайынан кызын алып кетүүгө эки жума мурун келип, жергиликтүү таксисттин жардамы менен кызын уурдай качкан экен. Учурда кылмыш иши ачылып, ал камакка алынды.

Количество просмотров: 17