• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Медицина кызматкерлери Нарын жана Ошко жөнөтүлдү

10 Чын куран 2020 18:18 Бишкек Govori.TV

Медицина кызматкерлеринен түзүлгөн эки бригада бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынан Нарын жана Ош облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, өз ыктыяры менен кеткен кызматкерлердин арасында инфекционист, эпидемиолог, балдар дарыгери жана үй-бүлөлүк дарыгерлер бар. Алар коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин аталган аймактарда болушат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Ош шаарында жана Ош облусунда ооруканада коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн адистерди жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев: «Сиздер иликтөөдө бизге чоң жардам көрсөтүп, кырыдаалдын чордонунда болуп жаткан кесиптештерге моралдык жактан жардам көрсөтөсүздөр деп ишенебиз», — деди.

Ар бир медицина кызматкери зарыл болгон каражаттар менен камсыздалды. Ошондой эле алар коргоочу кийимдерди, бет кап, кол кап жана башка медициналык каражаттарды алып кетишти.

Количество просмотров: 403