• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектен Москвага уча турган каттам белгисиз мөөнөткө жылдырылды

30 Бугу 202514:21 Бишкек Govori.TV

«Аэрофлоттун» 30-майда саат 06:05те Бишкектен Москвага учушу керек болгон СУ 1883 рейси белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, каттоо өз убагында башталып, бирок учакка отургузуу кечигип калган. Алар учакка түшкөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, тез жардам чакыруу чечими кабыл алынган. Кийинчерээк жүргүнчүлөргө бузуулар тууралуу маалымат берилип, алар терминалга кайтарылган.

Ал эми “Манас” аэропортунда каттам техникалык себептерден улам белгисиз мөөнөткө кармалып калганын кабарлашты.

«Техникалык кызматкерлер көйгөйдү чечип жатышат. Учуу убактысы азырынча айтыла элек. Ал эртеңкиге жылдырылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 243