• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектен Сеулга авиакаттам ачуу пландалууда

30 Бугу 202312:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда. “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 11-июндан тарта Сеул — Бишкек — Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат — учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.

Үзгүлтүксүз каттамдар Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу аткарылмакчы.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.

Количество просмотров: 69